УКМК: Өздөрүн “кыргыз моджахеддери” деп тааныштырган үч адамдын кайрылуусу текшерилип жатат

Өздөрүн “кыргыз моджахеддери” деп тааныштырган үч адамдын Кыргыз Республикасына болгон
видеокайрылуусу 5-октябрда интернетке чыкты. 27 мүнөт 45 секундага созулган видеодо курал кармаган адамдардын бири кайрылууну окуган. Кайрылууда бийликте отургандардын көзүн май басып калганы, Алмазбек Атамбаевдин жана анын командасынын чыныгы террорист экени айтылат. Ошондой эле кайрылууда Кыргыз мамлекетинде исламдагы шарияттар толугу менен орношу керектиги, канчалык бийлик алмашпасын абал ошол эле бойдон экени камтылган. Видеонун акырында өлкөдөгү окуяларга Сириядан көз салып турушары, ушуга окшогон кайрылуулар дагы чыгары айтылган.

Бул видео тууралуу УКМКга кайрылганыбызда, басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов кайрылуу боюнча текшерүү жүрүп жатканын, ошондой эле ал адамдардын өздүгү такталып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
datkayimjan
2016-10-07 19:26:26
Сактасын суук коздордон,
Садагам Кыргыз жеримди...
+16
Abubakir05
2016-10-07 19:57:42
Бийликтегилер элдин эмес оздорунун пайдасы учун кресло талашса ким деле болсо устомдук кылат да
+7
lenovo820
2016-10-07 20:02:57
Видеосун кайактан корсок болот
+3
Abubakir05
2016-10-07 20:03:03
Моджахеды эмес коншулардын жонокой эле карапайым эли талап тоноп кетип жатат чек арадан кирип депутаттар ошону чечбей кресло талашып отурушат ааламга уят болуп
+4
plaza85
2016-10-07 20:08:44
Ислам эмне экенин тушунуп анан кайрылуу жасасан ата тегибиз сага окшогон душмандардан кыргыз элин сактап келген. Эркек болсон бетинди коргозчу?
+6
kyrgyz.kg83
2016-10-07 21:15:44
Акимин ешек бизнес менен журсо,президент артын ойлоп референдумдан башы бошобойтса,парламенте сабатсыз депутатар толуп алып,кресло талашса ар куну жомокту айтышып елдин кыжырына тийгенден башка иш кылбай калышты,калкты ойлогон бир депутат бир чиновник министр жок,бийликтин барын жанылай турган убакыт жакындап калды окшойт,чондор ошентип журсо буларго окшоп можахетмин дешип тийишетта,же болбосо ашанын постановкасыбы??? елдин конулун буруш учун,не болсода тынчылык еле болсунда
+14
baktybek90
2016-10-07 21:48:33
ошон учун мадумаровду тезираак
койуш керек прездентике
баарын тегиздейт
-8
anonymous
2016-10-07 22:18:55
Ссылка бергилечи?
+1
wwwonline
2016-10-08 00:06:27
Ocherednoe show, kim uyushturup jatat?
+2
Lekarstvosvoegomuja
2016-10-08 02:38:07
Кыргызстанда тынччылык эле болсо экен!
+1
semo
2016-10-08 17:06:33
Бул окшогон бахабистерди кыргызстанга жолото гөрбөш керек
+1
joni_k20
2016-10-09 18:08:58
видеону кантип тапсак болот...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан