"Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасынын финалына өттү

"Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасынын финалына өттү. Бул тууралуу аталган команда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, 7-октябрь күнү Москва шаарында "Азия MIX" (Бишкек), Москва мамлекеттик циркинин курамасы (Москва), "Доброжелательный Роман" (Санкт-Петербург) жана "Радио Свобода" (Ярославль) командалары Жогорку Лиганын финалына чыгуу үчүн күч сынашты. Жыйынтыгында "Азия MIX" командасы эң жогорку упай алып, финалга өттү. Ал эми экинчи орунду "Радио Свобода" командасы камсыздап финалда ойноо укугуна ээ болсо, калыстардын чечими менен Москва мамлекеттик циркинин курамасы да финалга жолдомо алды.

Финалга чыгуу үчүн 2 топко бөлүнгөн 8 команда ат салышкан. Биринчи жарым финалдан финалга Мурманск шаарынын курамасы жана "Спарта" командасы чыккан.

Белгилей кетсек, "Азия MIX" командасы ушул жылдын 15-17-июлда өткөн "Голосящий КиВиН-2016" фестивалында "Алтын чоң КиВиНди" утуп, 400 миң рубль сыйлык алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
balykchy2012
2016-10-08 10:11:07
Жакшы,дагы да ийгиликтер болсун
+1
Beksultan-007
2016-10-08 10:17:06
Азаматсынар. Финалда ийгилик каалайбыз. Учунчу команданы эмнеге откоруп коюшту.финалга эки эле команда отуш кк элего
0
dastan_2016
2016-10-08 10:17:46
Келечегинер абдан сонун суктанам ийгилик
0
Seryi-Kardinal
2016-10-08 10:25:25
otso otuptur da
-14
Nurbek2202
2016-10-08 10:34:38
Ийгилик.
0
muni77
2016-10-08 11:06:46
азаматсынар ийгилик, жениш менен кайткыла...
0
batsam
2016-10-08 11:14:02
Улутчул Окенбайлар женишти оздорунукунон башка эч кимге, эч качан бербей калдыгооо. Н. Азыкбаевти деле Лепс каратып туруп калп айтып сындырып койдуго. К. Примбердиевке дагы 4 орунду берди. Азия Миксти дагы 4-чу орун кутуп турса керек.
+3
tashi62
2016-10-08 11:16:59
batsam,эң туура
-2
imanchik
2016-10-08 11:15:08
Кайсыл жерден корсом болот?
0
brit
2016-10-08 16:19:44
imanchik,интеретке биринчи каналдан берилгенден кийин гана чыгат. Так что эфирди кутобуз
0
milashka.98
2016-10-08 11:49:28
Мыктысынар
0
Abubakir05
2016-10-08 12:55:59
Аларды колдой турган адамдар оздорунун кызыкчылыгы учун журсо башка мамлекет ошону кылат да жакшы 4 болсо да места бериптир жоктон кору.
0
kaitpas
2016-10-08 15:27:32
Азаматтар! Мен Азия Mixти көп жылдан бери көрүп келем, жада калса орустар да баалашат. Кыргыздын эң таланттуу квнчилери ушулар. Айрыкча команданын капитаны Элдияр таланттуу келечеги кең жигит. Сыймыктанам ушундай командабыз бар экенине ийгилик!
+1
kyrgyz.kg83
2016-10-08 15:28:34
Алга Кыргызстан!!!алга Азия микс!!!алга Елдияр
+1
mratbashy
2016-10-08 16:54:35
Азаматтар
0
BarsBaatyr
2016-10-10 04:26:42
Куттуктайбыз!
+1
moskva007
2016-10-11 11:24:36
Духии гаварят Азиямикс пироот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан