Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы атаандашын утуп алды

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алгачкы атаандашын утту. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал чейрек финалда түркиялык балбан менен кез келип, аны 4:2 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Турганбаевдин атаандашы япониялык Тамоцу Какефуда болмокчу.

Айта кетсек, мелдеш 9-октябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтөт. Ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында 2 спортчу катышууда. Мелис Турганбаев 76 килограмм салмакта күчүн сынаса, Дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков 97 килограмм салмакта килемге чыкмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Talantchik
2016-10-08 17:32:19
Жакшы жакшы
+5
Mr.STRONG
2016-10-08 17:33:21
Молатцы жигиттер
-5
leilekstan_1987
2016-10-08 17:57:24
Карышкыр каарысада бир койлук алы бар деп койот беле?
+4
modem4999
2016-10-08 18:00:21
leilekstan_1987,карышкыр эмес ,бору карыса дейт.Эми ал жака жалан борулор барат да койлор барбайт да
+8
kani-esen
2016-10-08 17:58:13
Жакшы жакшы министр.
Мынаа бул улгу.
+9
Oylonkyrgyzym
2016-10-08 18:07:10
Турганбаев менен 5кг.арыкго.)))
-5
modem4999
2016-10-08 18:08:51
Япондон утулуптур,Эми коло учун курошот экен.
-3
1Adilet1
2016-10-08 20:00:13
жакшы
+2
tashi62
2016-10-08 20:12:50
Уйгурча көтөрүп чап
-2
Deniza88
2016-10-08 20:47:07
Азамат! Ар бир кыргыз жигиттер ушундай болсо, компьютердин аркасында аялдар менен айтышып, бийликти жамандап отурбай!!!!
+8
Abubakir05
2016-10-08 21:02:47
Бийлик жаман болуп жатса жаман дейт да чон киши эмес баш балдар да айтат жаман деп
-5
azamat.k
2016-10-08 21:21:24
Медаль албай келсенер деле абдан суйуном.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан