Варшава шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Чынарбек Изабеков финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Изабеков алгач Сауд Арабиянын, андан соң Польшанын балбанын утуп финалга чыккан. Финалда молдовалык балбан менен беттешет. Ал эми мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жарым финалда Япониянын өкүлүнө утулуп, финалга чыгуу укугунан ажырап калды. Эми ал коло байге үчүн күрөшөт.
Айта кетсек, мелдеш 9-октябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтмөкчү. Ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында 2 спортчу катышууда. Мелис Турганбаев 76 килограмм салмакта күчүн сынаса, Дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков 97 килограмм салмакта килемге чыкты.