Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, экс-министр коло байге үчүн болгон беттеште польшалык Петро Сзыманскиге каршы туруп, 11:0 эсебинде утуп алды. Ага чейин түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп, япониялыктан 1:2 эсебинде утулуп калган болчу.
Айта кетсек, мелдеш 9-октябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтмөкчү. Ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында 2 спортчу катышууда. Мелис Турганбаев 76 килограмм салмакта күчүн сынаса, Дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков 97 килограмм салмакта килемге чыкты. Изабеков алгач Сауд Арабиянын, андан соң Польшанын балбанын утуп финалга чыккан. Финалда молдовалык балбан менен беттешет.