Польшанын Варшава шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Чынарбек Изабеков алтын медаль тагынды. Бул тууралуу маалымат Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Маалыматка караганда, Изабеков финалдык беттеште молдовалык Валерий Заболотныйды 8:0 эсебинде утуп алды. Ага чейин Сауд Арабиянын, андан соң Польшанын балбанын уткан. Буга чейин мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев польшалык балбанды 11:0 эсебинде утуп, коло байгеге ээ болгон эле.
Айта кетсек, мелдеш 9-октябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтмөкчү. Ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында Мелис Турганбаев 76 килограмм салмакта күчүн сынаса, Чынарбек Изабеков 97 килограмм салмакта килемге чыкты.