Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалында "Көч" тасмасы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Кинематографисттер бирлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, "Түрк дүйнөсүнүн өзгөчө сыйлыгы" "Сары-Ой" тасмасына ыйгарылды. Ал эми фестивалдын өтүшүнө жана түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Садык Шер-Нияз Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын ыраазычылык сыйлыгы менен сыйланды.
Айта кетсек, “Көч” тасмасы буга чейин бир катар эл аралык фестивалдарда баш байгени утуп алган. Тасмада топоз баккан малчылардын турмушу чагылдырылган.