Кечээ, 8-октябрда орусиялык ТНТ каналында "Танцы" телешоусунун кезектеги чыгарылышы көрсөтүлдү. Анда кыргыз жергесинен барган бийчилер Жан Воинов жана Темирлан Назарбеков өз өнөрлөрүн тартуулашып, кийинки турга өтүштү. Назарбековдун комуз күүсүнүн коштоосунда аткарылган бийи калыстардын мактоосуна арзыды. Эми алар калыстардын биринин командасына кошулуу үчүн күчүн сынашат.
Айта кетсек, аталган долбордун бул жолку чыгарылышы үстүбүздөгү жылдын жаз айларында тартылган.