Ырчы KG Эльмурат 2007-жылдары "Күлгүн жаш" ыры менен калың элге таанылган. Ал эми ырга тартылган клип учурунда өлкөдөгү мыкты клиптердин катарын толуктаганын, тартуу иштери бир топ кызыктар менен коштолгонун ырчы билдирди.
"Ырдын сөзү Эсенгул Ибраевге, обону Арзыбек Бедияровго таандык. Чыгармасы Алтын фондго киргендиктен, жогоруда аталган таланттуу инсандардын баркын түшүрбөйлү деп болгон каражатыбызды жумшап, татыктуу клип тартканга аракет кылганбыз. Адашпасам, клиптин тартылганына 10 жылдай болуп калды. Жалпы миң доллардай акча кеткен. Ал кезде баарыбыз студент, жаш болчубуз. Съёмка башталар алдында салонго барып чачты жасатып алуу дегенди да билбептирбиз. Клипте кийген костюмду буйрутма менен тиктиргем. Ошол учурдагы дизайнерлер деле кызык экен. Өлчөп, ченеп тиккенди билишкен эмеспи билбейм, аябай чоң костюм тигип берип коюшкан. Шымымдын куру болсо андан да чоң, бирок ошол кезде бул нерселер билинбептир", - дейт KG Эльмурат.
Тартуу учурунда көп эле кыйынчылыктар жаралганын, бирок мээнети кайтып, клип ийгиликтүү болгонун айтат:
"Кызыгы, СССР учурундагы Волга унаасын табуу кыйын болгон. МАИде иштеген таякем бар эле, жумушта жүрсө биз издеп жүргөн унааны айдап бир байке келип калыптыр. Анан башка жакка баратканына карабай "клипке керек болуп жатат" деп бизге жиберген эле. Көлдүн жээгинде ырдап отурган жеримде чиркейлерге таланганым эсимде. Ушундай бир топ кызыктар менен клипти тартып бүтүп, окуудан эс алууга чыгып, айылга кетип калгам. Кийин шаарга келсем, чыгарма популярдуу болуп кетиптир. Көптөгөн мээнет менен тартылды, бирок тарбиялык мааниге ээ чыгарма ийгиликтүү болду. Ырдын обонун жазган Арзыбек Бедияров ыраазычылыгын билдирип, "башка ырларымды да аткарып чык" деп өзүнүн ырлар жыйнагын белекке берген".
KG Эльмураттын "Күлгүн жаш" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.