Футболчу Бактияр Дүйшөбеков түркиялык клуб менен келишим түздү

Футболчу Бактияр Дүйшөбеков түркиялык "Эгидирспор" футболдук клубу менен 1 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу футболчу SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин канттык "Абдыш-Ата", андан кийин беларустук "Крумкачи" клубунда ойногон футболчу бул чечимин көбүрөөк майданга чыгуу үчүн кабыл алганы менен түшүндүрдү. "Команда күчтүү оюнчуларды алыптыр. Учурда аймактык лигада чемпиондукту утуп, профессионалдык лигага көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү жогору экен. Клубдун курамында 1 жыл ойнойм", - деди футболчу.

Кошумчалай кетсек, беларустук клубда ойноп жаткан Дүйшөбеков акыркы учурларда башкы курамга кирбей, майданга баштагыдан азыраак чыгып калган. Клубдагы кырдаал боюнча жарым коргоочу буларга токтолду: "Мен "Крумкачиде" өзүмдү жетиштүү деңгээлде көрсөттүм деп ойлойм, бирок машыктыруучулар мага ишеним көрсөтпөй коюшту. Ошол себептүү клубдан кетүү чечимин кабыл алдым".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nur1k
2016-10-10 15:31:55
Мына бизден ушундай кучтуу кучтуу футболисттер чыгат. Футболго болушунча конул бурса Роналдуга окшогон футболисттер чыгат буюрса)
+2
eldar.
2016-10-10 16:13:18
Албетте ийгилик каалайбыз. Бирок деген жери барда, мен Эгидирспор командасын тапбадым, керек болсо Туркия чемпионатынын 3 дивизионунан дагы таппадым, демек бул команда оо 4 же 5 дивизиондо ойноп жургон команда окшойт. Ал жерден кайра формасын жоготот. Биздин футболчулар бир созду карманып алышты, "Бул оюнчу Германияда же Туркия ж.б. мамлекетде ойнойт" деп айтышсын деп. Андан коро озубуздун эле лигабызга кайтып келчи.
0
eldar.
2016-10-10 16:14:35
2 дивизондогу командада ойносо дагы бир жон эле, эми оо 4-5 дивизондогу командада ойноп журот. Ал жерден жок болотго менимче, мыкты формасын жоготот. Андан коро Дордой, Алай сыяктуу озубуздун командада ойноосуу 100 эсе артык.
0
kgalik
2016-10-10 17:42:34
Эгирдиспор футболдук клубу болот 4-лига
жакшы команда
0
kgalik
2016-10-10 17:44:30
Туркиянын 3-лигасында ойногон команда биздин улуттук курама команданы 3 , о го женген эле былтыры
0
kgalik
2016-10-10 17:44:57
Бактыяр туура жолду тандадын
0
kgalik
2016-10-10 17:46:25
Мирлан Мурзаев деле журотго ушакспор клубунда
0
kgalik
2016-10-10 17:46:52
Ушакспор 4-лигада ойнойт
0
Neymarf
2016-10-10 22:38:54
Баку доске жарайсын биз сени менен сыймыктанабыз, сен олкобуздун келечектеги Бускетс, Модрич, сыяктуу жарым коргоочусусун, молодец!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан