Бүгүн "Style Mix" триосундагы Илима менен Адилеттин үлпөт тою өтүп жатат (фото)

Бүгүн, 10-октябрда борбор калаадагы ресторандардын биринде "Style Mix" триосунун ырчылары Илима Дуйшеналиева менен Адилет Эркинбек уулунун үлпөт тою өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге түгөйлөрдүн досу, ырчы Адилет Азимов кабарлады.

"Үлпөт той шаңдуу өтүп жатат. Баарынын маанайы жакшы. Жаштар азыр сейилдеп жүрүшөт. Кечке маал жакын туугандары менен бирге той уланат", - дейт.

Ал эми аталган трионун менеджери Миргүл Эсеналиева тойго даярдык кызуу көрүлгөнүн, буюрса, келген коноктор ыраазы болуп кетишерин кошумчалады. Тойго чыгармачыл түгөйлөрдүн жакындары, достору, сахналаш кесиптештери, тайпалаштары чакырылган.

Белгилей кетсек, 21-сентябрда Илима Дуйшеналиеванын кыз узатуу тою борбордогу тойканалардын биринде өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alixan-Nookat.2015
2016-10-10 17:19:05
Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш,таалайлуу болгула табышкан эки жаш!
+2
naz2015
2016-10-10 17:27:08
Бактылуу болгула!!
+1
tuigan.
2016-10-10 17:36:15
Бакыт каалайм
+1
yoona96
2016-10-10 18:22:46
Бактылуу балаллуу болгула бири бирине жарашкан жуптар.
+1
leilek_suluktu
2016-10-10 18:53:45
Бактылуу болгула,коп балалуу болгула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан