Малайзиянын Шах-Алам шаарында 19-апрель күнү футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандоо туру өтөт. Анда Кыргызстандын “Дордой” курама командасы “B” тобунда оюн көрсөтүп, Кувейт жана Катар өлкөлөрүнүн командалары менен беттешмекчи. Мелдештин "А" тобунда Ливан, Ирак, Бириккен Араб Эмираттарынын командалары ойнойт. Айта кетсек, футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалдык мелдеши 27-августтан 1-сентябрга чейин Япониянын Ногая шаарында өтөт. Ага 17 өлкөнүн футболчулары катышмакчы.