Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды

"Кулунду унаа жолу" бекетинен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы "Кулунду унаа жолу" бекетинен 9-октябрь күнү 1990-жылы туулган К.М. аттуу Тажикстандын жараны эч кандай документи жок чек арадан өтүүгө аракеттенген. Ошондой эле аны кармоо учурунда ал чек арачыларга каршылык көрсөткөн. "Бул факт боюнча тиешелүү документтер толтурулган соң ал ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Keremet008
2016-10-11 11:07:22
камашсын. Биздин Эр азаматтарды эмне кылып атышат башка жака документи бар туруп эле малдай кылып алып кирип кетип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан