Дүйнөгө бири-бирине төп келишкен таттуу түгөйлөр катары таанылган Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ажырашып жатканынын чыныгы себептери дале ачык айтыла элек. Бирок белгилүү басылмалар түрдүү жоромолдорду айтып чыгышууда. Алсак, "The Hollywood Life" басылмасынын ишенимдүү булактары сенсациялуу кабарды маалымдашкан. Ага ылайык, Жолинин башка бирөө менен сүйүү романы болушу мүмкүн. Ал Жакынкы Чыгыштагы миллионер жана Питтен 2 жашка кичүү.
Басылма актрисанын жаңы сүйүү романынын башталганына бир нече ай болгонун, белгисиз миллионер менен Жоли Жакынкы Чыгыштагы кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында таанышып калышканын айткан. Алгач жөн эле баарлашып жүрүшсө, кийинчерээк мамиле романтикалык маанайга өткөн.
Ал эми Питт жакында эле ажырашуу тууралуу арыз берилип, үй-бүлөсү өзүнчө жашап баштагандан кийин балдары менен жолугушкан. "People" басылмасы жолугушуу абдан жылуу маанайда өткөнүн, Брэд менен балдар бир нече көңүлдүү сааттарды өткөрүшкөнүн жазган.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Анжелина Жоли ашыкча көңүл буруулардан алыс болуу үчүн балдарын алып Американын жабык шаарына көчүп кеткени маалымдалган.