Ксения Палкина Өзбекстандын Наманган шаарында 15-апрелде башталган теннис боюнча эл аралык мелдеште ийгиликсиз старт алды. Белгилүү болгондой, кыргызстандык теннисчи айым украиналык Вероника Капша менен беттешип, 7:5, 3:6 эсебинде утулуп калган. Ал эми мелдеш 21-апрелде аяктайт, ага 15 өлкөдөн 50 теннисчи катышып жатат.