Оор атлет Иззат Артыков боюнча маселе дагы да болсо каралууда, медалы кайтарылса, өкмөт спортчуга 3,5 миллион сом берүүгө даяр. Мындай маалыматты бүгүн, 11-октябрда Олимпиаданын жана Паралимпиаданын катышуучуларына акчалай сыйлык тапшыруу учурунда Канат Аманкулов билдирди.
"Иззаттын үй-бүлөлүү экенин, жакында кыздуу болгонун эске алып, аны моралдык жактан колдоп жатабыз. Улуттук Олимпиада комитети менен сүйлөшүп, анын турак жай маселесин чечип бердик. Медаль кайтарылабы же жокпу, азырынча айта албайбыз. Бул жакта анын ишин текшерип жаткан комиссия жыйынтык чыгара элек", - деп кошумчалады К.Аманкулов.
Кошумчалай кетсек, "Рио-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта коло медалды багындырган, бирок 18-августта анын канынан допинг табылып, спортчу медалынан кол жууган. Эгерде спортчу таза экенин далилдесе, мамлекет тарабынан 3,5 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алмакчы.