Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы улуттук курамды ташый турган автобусту жасалгалап, жаңы түс берди. Тактап айтканда, автобустун капталына команданын талисманы болгон ак шумкардын элеси түшүрүлдү.
Федерациядан кабарлашкандай, куштун сүрөтүнүн алдына Кыргыз жериндеги көрүнүктүү тарыхый жана маданий жайлардын: Бурана, Сулайман-Тоо, Манастын эстелиги, Тарых музейи, куранттар жана "Жеңиш" сейил багындагы Өчпөс оттун элеси түшүрүлгөн.
Командаларга тиешелүү автобустар адатта футболчуларды мейманканадан машыгуучу жайга, стадионго ташыйт. Шаар тургундары ак шумкардын элеси түшүрүлгөн автобусту шаардын көчөлөрүнөн бүгүн, 11-октябрда көрө алышат. Бул күнү улуттук курам Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Түркмөнстан курамасы менен жолдоштук беттеш алкагында кез келет. Беттешке 20:30да старт берилет.