Орусиянын Саратов облусунда чек ара кызматкерлери тарабынан федералдык издөөдө жүргөн 44 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда орусиялык басылмалар Чек ара кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын кызматкерлери Казакстан менен чектешкен аймакта бара жаткан автоунааны токтотушуп, текшерүү учурунда издөөдө жүргөн 1972-жылы туулган жаранды кармашкан.
"Ал Орусиядан Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган. Анын “жашы жете элек баланы өлтүрдү” деген шек менен 2016-жылдын июнь айынан бери федералдык издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалган аялды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.