Ошто кызганычтан улам 24 жаштагы кызды бычактаган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ош облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 19-апрель күнү саат 13:00 чамасында Ош шаарындагы А.Навои атындагы эс алуу багында болгон. Анда 1992-жылы туулган К.П. аттуу кыз С.К. аттуу жигити менен отурганда 29 жаштагы Ж.Саматов келип, кызга бир нече жолу бычак сайган. Натыйжада К.П. денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми жанындагы жигит качып кетүүгө үлгүргөн. Кылмышка шектүү катары Ж.Саматов кармалып, кылмыш иши козголгон.
Аталган иш 5-август күнү Ош шаардык сотунда каралган. Отурумда жабырлануучу К.П. соттолуучунун үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен тосмо арыз жазып бергенин айтып, мындан улам ага жеңил жаза берүүнү суранган. Ал эми Ж.Саматов мындай ишке кызганычтан улам барганын, учурда өкүнүп жатканын билдирген.
Соттук коллегия жабырлануучунун жазып берген тосмо арызын жеңилдетүүчү жагдай катары эске алып, Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, Ж.Саматов 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген. Бул чечимге макул болбогон айыпталуучу Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Облустук сот ишти 5-октябрда карап, шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.