Бүгүн, 12-октябрда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2009-жылы "Супер ырчы айым" деп табылган Кенже Дүйшеева 42 жашын белгилеп жатат. Туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда бул жылы өздүк майрамын эл менен белгилөөнү чечкенин айтты.
"Дайыма өздүк майрамымды үй-бүлөм, жакындарым менен белгилечүмүн. Ал эми быйыл бул күндү эл менен, жалпы кыргыз элимдин колдоп-коштоосунда белгилөөнү чечтим. Учурда жеке концертиме даярдыктар бүтүп калды. Концертте көрүүчүлөр, күйөрмандарым колдоп турушса, мен үчүн ошол чоң кубаныч", - дейт К.Дүйшеева.
Белгилей кетсек, ырчы 1974-жылы 12-октябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1992-жылы мектепти аяктап, 1994-жылы Оштогу педагогикалык окуу жайдын мектепке чейинки балдарга тарбия берүү бөлүмүн жана ОшМУнун журналистика факультетин аяктаган. 3 жашынан баштап райондук, облустук сынактарга катышып, чоң сахнага чыга баштаган. Ал эми 1994-2010-жылдары "Кыз-Бурак" тобунда ырдаган. 2010-жылдан баштап жеке ырчы жана "Жебе" тобунун жетекчиси катары белгилүү болгон. Репертуарында "Аялзат", "Жалгызым", "Балалык" жана башка ырлары бар. Кенже Дүйшеева 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган.
12-октябрдын жылнаамасы.