Бир тармакта эмгектенген эки адам баш кошсо, тилек-максаттар биригип, чоң ийгиликтерди жаратышары талашсыз. Таанымал кыргыз жаштарынын арасында дагы мындай түгөйлөр жок эмес. Алсак, белгилүү скрипкачы жана ырчы Нурайым Азыкбаева менен жолдошу комузчу Назбек Кенчинбаев өзгөчө аткаруудагы номерлери менен коомчулукту таңдантып, сапаттуу музыка менен күйөрмандарын сугарышууда. 10-октябрда эл аралык сынактарда кыргыздын намысын коргоп келген "Style Mix" триосунун солисттери Илима Дуйшеналиева менен Адилет Эркинбек уулу да баш кошконун билесиздер. Мындан сырткары таанымал кесиптеш инсандар арасында буга чейин деле үй-бүлө куруп, үлгү көрсөтүп келгендер көп эле. Келечекте ушул сыяктуу жаңы "кичи мамлекеттер" кыргыз жаштары үчүн үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн символу катары калыптанып, маданий баалуулугубузду арттырышат деген үмүттөбүз.
Төмөндө биз кеп кыла турган түгөйлөр дагы келечектеги үлгүлүү уялардын катарын толуктай тургандар. Журналисттер Канат Каниметов менен Жибек Бегалиева 15-октябрда жеке түндүгүн көтөрүү алдында турушат. Кесиптештерибиздин бактысына куттук айтууга барып, кепке тарттык.
Алгачкы суроо экөө кайсы жерден, кандай учурда, качан таанышып калганы тууралуу болду.
Канат: - Жибекке чейин кыздар менен таанышууга, сүйлөшүүгө убакыт жок болчу. Кийин жумуш боюнча экөөбүз иш-чараларда жолугушуп калып жаттык. Мен кечки саат 8де бошосом, Жибек да ошол учурда бошоп калат. Ошентип түрдүү учурлар экөөбүздү улам кезиктирип жатты. Анан билинбей жүрүп эле
бири-бирибизге сезим пайда болуп, жакын болуп кеттик.
Жибек: - Биз көптөн бери бири-бирибизди тааныйбыз. Канат айткандай, жумушка байланыштуу жолугушуп жүрүп, жакын болуп кеттик. Азыр бизди жакындаткан саясий, коомдук иш-чараларды айтып күлүп калабыз.
- Сүйүү бир көрүп сүйүп калуудан башталабы же адамга көнүп калууданбы?
Канат: - "Вау, бир көрүп сүйүп калдым" дегенди сүйүү эмес деп ойлойм. Секелек кезде боло берсе керек. Бир шаарда жашап, бирок көп убакыт көрүшпөй жүргөн кыз-жигиттерге таң калам. "2 жума мурун көрүштүм же 3 жума эле сүйлөшүп, сүйлөшпөй калдык" дегендер болот. Жакшы көргөн адамыңды көргүң келип баштайт го. Көрбөсөң сагынасың, бир барып көрөсүң, жолугасың, анан дагы көргүң келип баштайт (күлүп).
- Журналисттик кесипти аркалагандардын убактысы башкалардыкынан да тар болот эмеспи. Бири-бириңерге жеткиликтүү убакыт бөлө албай таарынган учурлар болобу?
Канат: - Студент кезде убакыт көп, акча жок болчу, азыр иштеп акча таап баштагандан кийин, тескерисинче, бош убактың жок. Азыр Жибек экөөбүз тең иштеп, жолугушууга убактыбыз тар болуп калат. Бирок ал түшүнүктүү инсан, "мага көңүл бурбайсың, жолукпайсың" деп таарынбайт.
Жибек: - "Мага убакыт бөлбөйсүң" деп таарынбайм. Мен аны түшүнөм, ал мени түшүнөт.
- Көз караштар келишпей, талаштар жаралган учурлар болобу?
Жибек: - Жумуш боюнча талаш-тартыштар жаралбайт деле. Өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу көз карашыбыз, пикирлерибиз бир. Мисалы, досторубуз да түрдүү массалык маалымат каражаттарында иштешет. Ар кандай позиция, пикирдеги адамдар бар, бирок бул нерсе ортодогу мамилеге таасирин тийгизбейт.
Канат: - Саясат үчүн адамдар интернетте урушушат. Мисалы, мурун орусиялык, украиналык журналисттер бири-бири менен дос болушса, азыр саясий маселелерден улам дос болбой калышкан. Бизде андай болбойт деп ойлойм. Бул деген жумуш, кызмат бүгүн болсо, эртең жок. Андыктан мындай нерселерди үй-бүлөнүн ичине ала кирип, аралаштырып салуу туура эмес.
Кызганыч сезими тууралуу...
Канат: - Эгерде журналист болуп иштебесем, анда кызгансам керек эле. Чет өлкөлөргө иш сапарга барып, жумуштун бардык ысык-суугун билем. Жумуш боюнча кооз шаарларга барганда шаарды кыдырмак тургай, кээде дааратканага барганга убакыт жок болуп калат. Кечке иштемей, кечинде келип уктамай. Анан эмнеге кызганмак элем?.. Албетте, сүйгөн адамыңды кызганасың, бирок баары чеги менен (күлүп).
Жибек: - Негизи, Канат кызганчаак, бирок себепсиз жерден кызганбайт. Айрым учурлар болот, кызганып жатканын билдирген. Андайда ызы-чууга жеткирбей, маданияттуу түрдө чечип алабыз. Буюрса, 15-октябрда кыз узатуу каадасын жасайбыз. Учурда Канат экөөбүз тең жумушубуздун көптүгүнө карабай кызуу даярданып жаткан чагыбыз. Видеоматериал жасап жүрүп анын майда-чүйдөсүнөн бери билгендиктен, өзүбүздүн "Love story`ни" ("Сүйүү баяны") кооз сүрөттөр топтомдорубуздан жасоону чечтик. Адам өзүн эле эмес, башкаларды да сүйүп, сыйласа, түшүнсө, бир кесиптеги кандай адамдар болбосун бир үйдө таттуу жашоо куруп кете алышат.
Өздөрүнүн чакан мамлекетин куруу алдында турган кесиптештерибиз Канат Каниметов менен Жибек Бегалиевага биз да бакыт каалап, жылуу тилектерибизди айтып коштоштук.