Кыргыз тенору Жеңишбек Ысманов Паваротти атындагы сыйлыкка татыды

Алыскы Европада кыргыздын атагын чыгарып келе жаткан дагы бир сыймыгыбыз, опера ырчысы, тенор Жеңишбек Ысманов 7-октябрь күнү Италиянын Модена шаарында болуп өткөн "Pavarotti d'oro" аталышындагы концертте Лучано Паваротти атындагы сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу Ысманов SUPER.KG порталына билдирди. 6-октябрда ал аталган концертке катышууга жөнөп жатканын кабарлаган. Жыйынтыгы минтип жемиштүү болду.

Эске сала кетсек, Жеңишбек Ысманов 2013-жылы дүйнө коомчулугуна таанымал, Италиядагы ачык асман алдындагы Рим амфитеатры - "Арена ди Верона" сахнасында өткөн опералык сезондун ачылыш концертинде ырдаган. Өз кезегинде бул сахнада Лучано Паваротти, Пласидо Доминго, Марии Каллас, Рената Тебальди, Хосе Каррерас, Андреа Бочелли, Владимир Атлантов, Евгений Нестеренко сыяктуу атактуу тенорлор өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Жеңишбек Ысманов Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган. Учурда Италияда жашайт.

Маалымат үчүн: Италиянын опера ырчысы, тенор Лучано Паваротти Модена шаарында 1935-жылы 12-октябрда туулган. Анын чыгармачылык карьерасы 1961-жылы эл аралык вокалисттердин сынагындагы жеңиши менен башталган. Ал эми 1972-жылы Нью-Йорктогу Метрополитен операсында ырдагандан кийин жылдызы жана баштаган. Өз муунундагы тенор ырчылардын эң мыктысы деп эсептелген Лучано Паваротти 2007-жылы 6-сентябрда 71 жашында Италиянын Модена шаарында көз жумган. Учурда анын ысымы менен аталган сыйлык таланттуу тенорлорго тапшырылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altynbek_canto
2016-10-12 12:08:51
Женишбек ага сыйлыгыныз мн куттуктайм, буйнонун эн атактуу жана Павороттинин жолун жолдогон улуу инсандардан болунуз, биз сиз мн сыймыктанабыз.
+2
aidinaernur
2016-10-12 15:49:29
Жениш сыйлык кут болсун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан