Кенже Дүйшеева жеке концертин патриоттук ыр менен жыйынтыктады

21:45. Кенже Дүйшеева жеке концертин патриоттук ыр менен жыйынтыктады. Ырчы концерт өткөрүүгө салымын кошкон ар бир адамга, келген көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.

21:30. Кенже Дүйшеева "Таптым" жана попурри чыгармаларды аткарды. Учурда "Жебе" тобу менен "Келчи, жаным" чыгармасын аткарууда.

21:15. Кенже Дүйшеева: "Көч бара-бара түзөлөт. Андыктан жаңыдан түптөлүп келе жаткан, кыздардан түзүлгөн топту тааныштырууга уруксат этиңиздер. Негизи, кыздардан турган топ түзбөйм деген элем". Кече ээси сахнага "Булбул" тобунун кыздарын чакырды. Ошондой эле кыздар алгачкы ирет сахнага чыгышканын, топтун аты бүгүн элге тааныштырылып жатканын кошумчалады. Эки кыздан түзүлгөн топ өз репертуарындагы чыгармаларын тартуулады.

21:10. Концертте кичүү уулун үйлөнтө албай жүргөн эне, анын колундагы келиндери тууралуу сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү. Андан соң сахнага Кенже Дүйшеева чыгып, "Келинчек" ырын аткарды. Кайненин образын жараткан Сакиш (Айнура Турганбаева) "Келиним сендей болсун!" деп ырчыга ийгилик каалады.

20:55. Учурда келиндер тууралуу сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп жатат.

20:50. Ырчы "Тумарым" ырын аткарды. "Кээ бири байлыгың барда дос болот, бийлигиң барда дос болот. Бирок чыныгы достор башыңа кыйынчылык түшкөндө гана билинет" деген ырчы "Аллага кат" ырын ырдап жатат.

20:35. Дархан Дүйшенов "Жамийла" аттуу чыгармасын аткарды. Андан соң сахнага кайрадан бийчилердин коштоосунда Кенже Дүйшеева чыкты. "Замандаш" ырын ырчы бийлеп ырдап жатты. Учурда "Апа" жаңы чыгармасы ырчынын аткаруусунда жаңырууда.

20:25. Кеченин коногу казак ырчысы Дархан Дүйшенов ырдап жатат. Ырчы концертке чакырган Кенже Дүйшеевага ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү менен куттуктады.

20:15. "Жебе" тобу түзүлүп бүткөн учурда дагы бир кыз бул дүйнөгө келүүгө даяр болуп калган экен. Ал кичинекей кыз менен азыр чогуу ырдайбыз" деген ырчы сахнага өзүнүн кызы Томиристи чакырды. Экөө аткарган дуэт чыгарманы көрүүчүлөр кол чабуулар менен колдоп турушту. Андан соң ырчынын "Аялзат" ырына "Жылдын ыры" наамы ыйгарылды.

20:00. Учурда "Жебе" тобу Кенже Дүйшеева менен бирге "9 жаш" ырын аткарууда. "Топтун түзүлгөнүнө 5 жыл болду. Жаңы түзүлгөндө көп сын-пикирлер айтылды. Жөжөнү күздө санайбыз деп сөздөргө көңүл бурган жокмун. 5 жыл аралыгында көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Келиндүү, неберелүү болдум", - деген ырчы топтун жигиттерине кыскача мүнөздөмө берип кетти. Учурда Кенже Дүйшеева "Сагыныч" ырын Жумагүл Раимжан кызы менен аткарууда.

19:50. Кенже Дүйшеева "Ош шаарым" аттуу жаңы чыгармасын аткарган соң сахнага ырчынын окуучулары, "Жебе" тобунун жигиттери чыгышты. Гүлдесте кармаган жигиттер "Аялзат" ырын ырдап, "бизди ушул даражага жеткирген Кенже эжекебизге ыраазычылык билдиребиз" деп гүлдөрүн ырчыга тапшырышты. Андан кийин "Жебе" тобу өздөрүнүн репертуарындагы "Балалык" ырын ырдашты.

19:35. Сахнага ырчынын күйөрмандары чыгып, туулган күнү менен куттукташты. "Кенже Дүйшеева "Кыз-Бурак" тобунан суурулуп чыкты. Дайыма эл кызматында жүрөт. Кыргыздын мыкты кыздарынын бири, үй-бүлөсү менен бактылуу болсун, чыгармачылык ийгиликтер коштосун" деген каалоо-тилектер айтылды. Ырчы кыргыз эли кандай кыйынчылык болбосун ар тараптан колдоп турганын айтып, ыраазычылыгын билдирди. Учурда "Өтүнүч" аттуу жаңы чыгармасын аткарууда.

19:25. Бүгүн, 12-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кенже Дүйшееванын жеке концерти белгиленген убакыттан 15 мүнөт өтүп башталды. Кечени кыргыз бийин бийлеген бийчилер ачышты. Андан соң алып баруучу сахнага кеченин ээси менен "Жебе" тобун чакырды. Учурда Кенже Дүйшеева ырдап жатат.

Кенже Дүйшеева сахнада кызы Томирис менен
К.Дүйшееванын концертиндеги келиндер тууралуу оюн
Кенже Дүйшеева кызы менен дуэт ырдап, жолдошунан 101 роза алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
jazgul2017
2016-10-12 20:35:53
Эн сонун
+6
Ali-han
2016-10-12 22:34:45
Олимпиада га окшотуп онлайн болуп кетиптир го бул жагы. Бар болунуз Кенже эже
+1
altynai.almazova
2016-10-13 15:33:03
Ali-han,Бул да болсо Кенже Дуйшееванын элге эмгеги синип, эл ичинде урмат-сыйга татыганынан маалым берет. Бул да болсо ЖЕНИШ!
+3
mambo-1984
2016-10-13 00:11:36
конок ырчылардан эч ким келбептирби сыйлабайбы
-7
look
2016-10-13 01:06:02
mambo-1984,болгону кенже эженин немецкий характеристики бар го ашар той бергиси келбеген го
+8
look
2016-10-13 01:09:22
Ашар концерт дегендей
0
muzibrat93
2016-10-13 04:28:27
Боордош бир тууган кыргыз элим мен кытайлык кыргызмын Атым Музи брат если что ватсап бар таштап кетейинби Ак чий ооданында торолуп оском Бишкеке келсем кыргыз тилин сыйлабай орус болуп кетипсиздер акыры мендагы орусча уйронуп жашоонорго кондум если вас не трудно говорите на русском я вообще не знаю на киргизком деп баардык жер Магазин, Мам мекеме, Оорукана, 101,102,103 баары эх кыргызым Озубуздун элде жерде суйлобосок ботон элде кайдан болсун,, кыргыз тили Кыргызстанда куурап суусап ыйлап
+13
Diana91
2016-10-14 13:36:30
muzibrat93,номеринди берчи,
0
anya
2016-10-14 19:02:48
muzibrat93,
Саламатсызбы айылга барсаныз айылдыктар кыргызча суйлошот, аа, борбор окуу жайлар орусча болгондуктан, орусча суйлоп жаткандыр да .
0
satarovkubacom
2016-10-20 22:38:54
muzibrat93, Калптты азырак суйлосон биринчиден Кытайлык кыргыздар если что если вас не трудно говорите на русском я вообще не знаю на киргизком деп суйлобойт, Кытайлык кыргыз кыздын интервеюсунда макарон дегенинер бар экен ошону жеп уйронуп калдым деп аткандан кийин сен отдыхай)
0
Gul.08
2016-10-13 05:51:48
Аиий жок дегенде Айжамал менен Гульнара да келбептирби?...Гулшайыр эжекеге рахматын айтсын ушул даражага жеткизген....
-10
altynai.almazova
2016-10-13 15:23:24
Gul.08,Коноктордон СЫЙ га татыктуу адамдар келди. Рахматын айта тургандар айта берсин. КызБуракты КЫЗБУРАК кылган Кенже Дуйшеева. Бул талашсыз. Анан да Кызбуракта ырдап кеткендердин баары Кенже болуп кеткен жок. Бул чындык. Азыркы денгээлге Кенже Дуйшееваны талбаган эмгек, чыгармачылык жолдо туз жургондугу жеткирди. КызБуракта ырдаган башка айымдардын кимиси Жебедей топ ачып, озунун да атын очурбой келе жатыптыр? Ал адамдын озунон.Ар биринер озунор учун жооп бергиле, ПОДЛИЗА болбой
+7
vangolu
2016-10-13 10:05:27
зал толуптурбу жок дегенде
-6
altynai.almazova
2016-10-13 15:02:36
vangolu,Зал 100% толду. Камсанабаныз
+4
mambo-1984
2016-10-13 10:10:31
лижбы акча чогултунун амалы болгон концерт болуптур
-3
fanatka19
2016-10-13 15:06:18
Толик сынчыны күтөм.
0
fanatka19
2016-10-13 15:06:43
Концерт укмуш болду деп айтышты баргандар.
+6
altynai.almazova
2016-10-13 15:30:31
fanatka19,Мына! Эл баарына тараза!
+4
admin_portal
2016-10-13 15:38:18
altynai.almazova, кайым айтышууларга купуя кат бар!
0
ritulek
2016-10-14 02:38:56
Кенже эжеее концерт эл куткондон башкача болду
+5
Izdeim_seni.
2016-10-14 15:51:03
ушакчы коро албастар толтура ушул форумда. башка ырчылар келип ырласа дагы соз болот ,шагырап ашар концерт болду деп. келбксе дайтылат,неге келбейт эч ким сыйлабайбы деп,
+4
alik25
2016-10-20 20:40:35
Кенже эжеге эч ким жетпейт Гулнара Айжамал кыйын болсо Кенже эжедей жеке концерт берсин оздорун жон эле пиарлабай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан