Орусиянын "Биринчи каналынан" көрсөтүлүп жаткан "Голос" телекөрсөтүүсү учурда кызуу уланууда. Алсак, 7-октябрда белгилүү ырчы Григорий Лепстин 31 жаштагы кызы Инга Лепсверидзе талантын көрсөткөн. Насаатчылардын эч кимиси ага бурулбаганы менен, анын чыгуусу интернетте эң көп талкууга алынган. Григорий Лепс кызына сахнага чыгууга али эрте экенин айтып, ырдаганын сынга алган.