Москвада атактуу мушкер Фёдор Емельяненконун 16 жаштагы кызына кол салуу болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя анын мектептен кайтып келе жаткан учурунда катталган. Москва полициясы учурда окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Фёдор Емельяненко Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 10го чыга элек уулдарынын 8 бурчтукта мушташканын катуу сынга алган. Кадыровдун тарапташтары интернетте Фёдордун атына көө жаап, "Ким болуп кетиптирсиң?", "сенин оюң бизди кызыктырбайт" деген билдирүүлөрдү жазып башташкан. Кадыров буга чектөө коюп, тарапташтарына Емельяненкону мазактоого жол берилбестигин айткан.
Айрымдар бул окуяга Кадыровдун тарапташтарынын тиешеси болушу мүмкүн экенин айтышууда.