ЖЫЛНААМА, 13-ОКТЯБРЬ: Мындан 82 жыл мурун советтик жана америкалык актёр Савелий Крамаров туулган

1934-жылы 13-октябрда советтик жана америкалык актёр Савелий Крамаров Москвада туулган. Актёр "Кармалбас өч алуучулар" ("Неуловимые мстители"), "Ийгиликтин мырзалары" ("Джентльмены удачи"), "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" ("Иван Васильевич меняет профессию") тасмаларындагы кайталангыс ролдору аркылуу белгилүү болгон.

Актёрдун таякеси Израилге көчүп кеткенден кийин Крамаровду Советтер Союзу үчүн шектүү байланыштары бар адам катары эсептеп, ага башка өлкөгө чыгууга уруксат бербей башташат. Андыктан актёр Советтер Союзунан чыгып кетүү чечимин кабыл алып, 1981-жылы АКШнын ошол учурдагы президенти Рональд Рейганга абалын түшүндүрүп кат жазган. Ушул эле жылы өлкөдөн чыгып кетет да, Австриянын Вена шаарына жетет. Ал жерден Виктор Шульман Крамаровду тосуп алып, актёр менен чет өлкөлөргө гастролун уюштурган. Лос-Анжелес шаарында актёр алгач жарнамалык түрмөктөргө тартылса, кийинчерээк тасмаларга тартыла баштаган. Ал эми СССРде анын катышуусундагы бардык тасмаларда анын фамилиясы өчүрүлөт.

Савелий Крамаров 1995-жылы 6-июнда Сан-Францискодогу ооруканалардын биринде 60 жаш курагында оор дарттан улам каза болгон.

13-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tuigan.
2016-10-13 11:11:27
Бугун менин Уулум.атасынын орун басары.козум баламдын туулган куну.5ке толду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан