Англиянын учурдагы чемпиону "Лестер" футболдук клубу, футболчу Криштиану Роналду жана дарбазачы Петр Чех "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, "Лестер" өткөн жылы өз тарыхында алгачкы жолу Англия Премьер-Лигасында чемпион аталган. Ага чейинки сезондо клуб лигада 14-орунду ээлеген. Күтүлбөгөн убакытта клубдун чемпион болгону анын ысымынын рекорд катары катталуусуна жол ачкан.
Криштиану Роналдунун рекорддор китебине атын жазуусуна анын Твиттердеги өздүк баракчасына катталгандардын саны көп экени себеп болгон. 7-октябрга карата көрсөткүч боюнча, футболчунун социалдык тармактагы өздүк баракчасын 47 миллион 262 909 адам окуйт.