17-октябрда ырчы Гүлбү Ороскул кызы тун кызы Айзуура Иманалиеванын кыз узаттуу тоюн өткөрөрүн билдирди. Кызын узатып, кайнене болуу алдында турган ырчы айым: "Буюрса, 17-октябрда Бишкектеги ресторандардын биринде кыз узатуу тою болот. Учурда даярдыктар жакшы. Ар бир эне кызы төрөлгөндөн баштап "наристем бактылуу болуп, жашоодон өз ордун тапса экен, татыктуу жигит түгөйү болсо экен" деп тиленет эмеспи. Кызымды уулумдай болуп калган Мирзат аттуу жигитке узатып жатканыма кубансам, үйдөн кетип жатканына, албетте, бир аз ичим ачышып турат", - дейт.
Белгилей кетсек, Гүлбү Ороскул кызынын "Ортомчу бизге Ысык-Көл" ырынын клибинде ырчынын болочок күйөө баласы Мирзат Муканов менен кызы Айзуура Иманалиева тартылышкан.