"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчы Асел Касымованын "Бир сен үчүн" ырынын клибине карата колдонуучулар тарабынан көптөгөн сындар айтылган. Ал эми ырчы бул тууралуу "өз ишин жакшы билген адамдардын сындарын кабыл алам, угам, ал эми башкалардын сөздөрүнө көңүл бурбайм" дейт.
"Клиптин идеясы Эрнист Сыдыковго таандык. Бишкек шаарында бир жумада тартылган. Тартуу учурунда көп кыйынчылыктар деле жаралган жок. Күн суук болгондуктан үшүгөнүбүз, окшош көз айнектерди таба албай көпкө издегенибиз эсибизде калды. Кызыгы, ошол учурда оюмдун баары клип болуп, тойго барышым керек экенин унутуп, түнү менен Оштон Бишкекке келе бериптирмин. Эртеси мага телефон чалып эскертип калышты. Анан эртең менен кайра Ошко билет алып, учуп кетүүгө туура келген", - дейт А.Касымова.
Күйөрмандарынын сын-пикирлери тууралуу буларга токтолду:
"Кыргыздын эле көйнөктөрүн кийбейби..." деген сыяктуу сөздөр көп айтылды. Атайын клиптин идеясына жараша формалар тандалып алынгандыктан, андай көйнөктөрдү кийип чыга албайт элем. Болгону өзүмө жаккан нерсени жасадым. Ар бир адам өзүнө жаккан нерсени жасайт. Анан башка бирөө да сен ойлогондой, сага жаккандай кийиниши керек деген туура эмес".
Асел Касымованын "Бир сен үчүн" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.