Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата "Бурана" комплексинде болгон даярдыктар

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эртең, 14-октябрда Токмок шаарында белгиленет. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан билдиришти.

Ага карата "Бурана" тарыхый комплексинде Жусуп Баласагындын музейи курулуп, комплекстин ичине жаңы жарык берүүчү лампалар коюлуп, оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Ош шаарында өткөн этнофестивалда колдонулган сахна жасалгалары алынып келинди. Иш-чарада театрлаштырылган пролог көрсөтүлүп, кыргыз жылдыздарынын коштоосунда концерт болот.

"Иш-чара саат 10:30да башталып, Жусуп Баласагындын музейи ачылат. Саат 11:00дө "Жусуп Баласагын - Орто Азиядагы ойчул" деген аталышта театрлаштырылган пролог коюлат. Андан соң президенттин, "ТҮРКСОЙ" уюмунун өкүлдөрүнүн куттуктоолору айтылып, Чүй облусунун таланттары катышкан концерт өтмөкчү. Иш-чара кечке маал бүтөт", - дейт иш-чаранын режиссёру Эгемберди Чалабаев.

"1000 жыл мурун шаар кандай болсо, бул жакты да ошондой кылып жасаганга аракет кылабыз. Ал үчүн "Хан ордого" керектелчү сахна жасалгалары Ош шаарынан алынып келинди", - дейт Чалабаев.

Майрамдык иш-чарага чет элдик коноктор да келишери белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kubat_73
2016-10-13 23:21:02
Кыргызга жыл ичиндеги 365 кундун 299 майрам той юбилей болду го.Анан кайдагы онугуш осуш.
+2
chon.alai.
2016-10-14 02:27:45
ай ушуга окшогонду токтотуп завод фабрика салбайсынарбы.кыргызстанла эчким калбай турган болду чет олкого тентип
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан