Британиялык мушкер Тайсон Фьюри WBA Super жана WBO версиялары боюнча чемпиондук наамдарынан баш тартты. Бул тууралуу мушкер расмий билдирүү таратканын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Фьюри буга чейин депрессияга туш болгонуна байланыштуу Владимир Кличко менен экинчи ирет беттешүүдөн баш тарткан. Буга катар допинг-тестте мушкердин организминен кокаиндин изи табылган. Бирок тиешелүү уюмдар мушкерди наамдарынан ажыратуу боюнча чечим кабыл ала элек болчу.
"Мен көптөн бери жеңиле элек Владимир Кличкону утуп, сыймыктануу менен бул чемпиондук наамдарды алып жүрдүм. Рингге чыгып, карамагыма өткөргөн чемпиондук титулду мен рингде жоготууга тийиш болчумун, бирок учурдагы кырдаалдан улам мен наамдардан баш тарттым. Эми мен чоң сыноого туруштук берүү аракетин кылып жатам. Бир кезде мен Кличкону уткандай эле бардык сыноолорду утуп чыгам", - деп жазылат мушкердин кайрылуусунда.