Орусиялык модельер Валентин Юдашкин Орусиянын Баковка кыштагында туулган. Бала кезинде эле анын сүрөт тартууга таланты байкалган. Кийин Валентин "моделдердин" биринчи эскиздерин тарта баштаган. Ал 1986-жылы Москвадагы Индустриалдык техникумун артыкчылык менен аяктаган. Кийинки жылы дизайнер "Орлёнок" мейманканасынын концерттик залында 150 моделден турган биринчи жеке коллекциясын көрсөтөт. 1988-жылы 25 жаштагы Юдашкин Союзтеатрынын алдында "Vali-Мода" ишканасын ачат. Буга көңүл бурган франциялык моданын адистери аны Парижге чакырышкан. Модельер 1991-жылы Парижде эң алгачкы кийимдер коллекциясын көпчүлүктүн назарына койгон.
14-октябрдын жылнаамасы.