Спорт агенттигинин директору: "Машыктыруучуларга бөлүнгөн каражат ээсине жеткенче 10 адамдын колунан өтөт экен"

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиялык отуруму орун алууда. Анда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын жыйынтыгы тууралуу маселелер каралып жатат.

Алгач агенттиктин алдындагы Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Насирдин Акылбеков сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Кыргыз жеринде 27 олимпиадалык спорт түрү боюнча федерация иш алып барат. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына 28 лицензия алуу пландалган, бирок 5 спорт түрү боюнча гана жолдомолор алынган. Жолдомолордун саны 19ду түзгөн.

Агенттиктин директору Канат Аманкулов коллегияга даярдык начар көрүлгөнүн белгилеп, сөз сүйлөө үчүн чыккан Акылбековдун орун алуусун буйруду. "Калган федерациялар эмне себептен жолдомо ала алышкан жок? Ушуну анализдеп чыкканга жетекчилердин деңгээли жетпей жатат же даярданганга моюн жар берген жок. Каржы министрлигинен машыктыруучулар менен спортчуларга акча бөлүнөт, бирок ал ээлерине жеткенче 10 адамдын колунан өтөт экен. Медаль алабыз деген тилектерге жетпей жатабыз", - деди Аманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Khabib
2016-10-14 16:50:12
Жей берсе каяктагы медаль эмнеге мынча кайдыгер карайсынар патриотук сезим олком учун Кыргызым учун намызга бек болуп иштегилечи айланайындар элибизди ойлогулачы бизда медаль уттуп суйунолучу
+2
eldar.
2016-10-14 16:51:30
Мына сага кызык. 10 адамдын колунан отот дегени не шумдук, демек бир машыктыруучу же спортчуга 10 000 сом болунот, а ал акча жеткиче 4-5 мин сом болуп барат экенда.
+3
Kanzada97
2016-10-14 20:20:45
баарын Кудай коруп турат
+2
kgalik
2016-10-14 21:22:30
ал сага жанылык
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан