Жакында эле чебер Айнура Иманалиева: "Анжеликанын ийне-кайчы кармабай туруп, анан "мен тиккен көйнөктөр" деп айтканына таң калам. Башында унчукпай койчумун. Акыры мага Кудай берип, канча жылдан бери көз майымды кетирип келген кол өнөрчүлүгүбүздү, талантыбызды эмне себептен бирөө менчиктеп жыргалын, үзүрүн көрүш керек экен деген ойдон улам өз чындыгымды элге айтууга туура келди", - деп айтып чыкты. Анын бул айткандары кызуу талкууланууда.
Мындан улам чебердин өзү менен байланышып, "Анжелика "мен тиккен" деген көйнөктөрдү ким бычып, даяр кылчу эле?" деген суроо салдык.
- Оюулар кыргыз элиники болгондон кийин талашкым келген жок, жөнөкөй адам катары унчукпай жүрө бердим. Анжелика түш көрсө эле оюу белгилеринин технологиясы да түшүнө кирмек беле, эл өзү муну түшүнөт го деп ойлодум. Бычмачы кыздар бычып, мен эле эмес, эки сиңдим, апам кошулуп тикчүбүз. Ал болгону калем менен сүрөтүн, тагыраагы, фасонун түзүп берчү. Калган бардык жумушту жасап, оюуларды түшүрүп, көйнөктү "тирилтүү" биздин эмгек эле.
- Анжелика менен канча жыл чогуу иштештиңиздер?
- 3 жыл чогуу иштедик, жаңы сулуулук салонун ачып баштаганда. Дээрлик ошол учурда биздин көйнөктөрдү чыгара баштаган. Эми мен өз алдынча болуп кеткенден кийин мага келген кардарлардын "карасаң, Анжеликанын көйнөктөрү" деп келишсе кызыктай болуп кетет экенсиң. Анан акыркы кезде өзүмдү жаман сезе баштадым. Жумушка көңүлүм чаппай, эргүү келбей, бир аз сыркоолоп, мурункудай кооз эмгектерди жаратууга дарман калбай бараткансыды. Акыры айтып чыгып, бир аз жеңилдеп калдым.
- Ачык айтып чыгууңузга эмне себеп болду?
- Бирөөнү жамандагандык эмес. Мен Анжелика менен азыр деле сый мамиледемин. Карап көрсөм, балдарым артымдан чоңоюп келе жатышат. Өткөндө кызымдын "Сиздин атыңыз аталбагандан кийин эмне кылам?" деп айтканы мага катуу тийди. Көрсө, күнү-түнү тигүүчү машинаны кучактап отуруп өзүбүздү жарнамалоого убакыт болбоптур. Биз тиккен көйнөктөр көрсөтүлүп калса, сүйүнүп отура бериптирбиз. Бышып жетилди көрүнөт, убакыт келди, эми айтып жатам.