Кечээ, 14-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын алкагында 2 оюн болду. Бишкекте жана Кантта өткөн оюндарда бештен гол киргизилип, талаа ээлери 3төн упайга ээ болушту. Жыйынтыгында упайларынын санын 36га жеткирген "Алга" мелдеш жадыбалында убактылуу алдыга чыкты. Ал эми быйылкы сезондо ити чөп жебеген "Абдыш-Ата" упайларынын санын 20га жеткирди.
"Алга"-"Кара-Балта" - 4:1
"Абдыш-Ата"-"Алдиер" - 5:0
Мелдеш жадыбалы:
1-орун. "Алга" (Бишкек) - 36 упай
2-орун. "Алай" (Ош) - 35 упай
3-орун. "Дордой" (Бишкек) - 35 упай
4-орун. "Абдыш-Ата" (Кант) - 20 упай
5-орун. "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 13 упай
6-орун. "Ала-Тоо" (Нарын) - 7 упай
7-орун. "Алдиер" (Куршаб) - 7 упай