Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда бүгүн “Алай” менен “Дордой” беттешет, бул оюн чемпиондуктун тагдырын чечет (анонс)

Бүгүн, 15-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын алкагында чемпиондуктун тагдырын чече турган оюн орун алат. Ош шаарында "Алай" футболдук клубу бишкектик "Дордойду" кабыл алат.

Учурда бул эки команда 14 оюнда 35тен упай топтоп, чемпиондук жарышта келе жатышат. Кошумча көрсөткүчтөр боюнча алдыда, андыктан тең чыгуу "Алайдын" пайдасына чечилмекчи. Бул оюнда утушка ээ болгон команда чемпиондукту 75 пайызга камсыздаган болот. "Алайдын" чабуулчусу Алиа Силла бул оюнга чыкпайт (мурунку оюндарда алган сары айып кагаздарынан улам).

"Алай" (Ош) - "Дордой" (Бишкек)

Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев атындагы стадион

Башталышы: 15:00

Азырынча 16 оюн өткөргөн "Алга" клубу алдыда келе жатат. Бирок бул клубдун атаандаштарына салыштырмалуу 2 оюн көп ойногонун эске алганда, команда эбак эле чемпиондук жарыштан чыгып калган.

1-орун. "Алга" (Бишкек) - 36 упай

2-орун. "Алай" (Ош) - 35 упай

3-орун. "Дордой" (Бишкек) - 35 упай

4-орун. "Абдыш-Ата" (Кант) - 20 упай

5-орун. "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 13 упай

6-орун. "Ала-Тоо" (Нарын) - 7 упай

7-орун. "Алдиер" (Куршаб) - 7 упай

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
take220281
2016-10-15 10:54:33
Бири бирин жеңип жүрө берсин
0
Miroslav
2016-10-15 12:08:54
Алай чемпион буйурса.
0
Khabib
2016-10-15 14:08:55
АЛАЙООООООО
0
uran98
2016-10-15 14:21:23
билет канча сомдон болтат экен
0
expert.007
2016-10-15 14:43:03
Алай алга
0
EddieNigma
2016-10-15 17:06:27
Ошондо Алай м-н Дордойдун оюну тен чыкса,Алга чемпион болобу,Лестерге окшоп?
0
SPECIAL
2016-10-15 17:21:25
Алай почти чемпиооооон, оюн 1-1 менен бутуптур.
0
tilek-x
2016-10-15 19:26:58
Алай чемпион буйурса+!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан