1976-жылы 15-октябрда орусиялык эстрада жана опера ырчысы Николай Басков Орусиянын Балашиха шаарында туулган. 1996-жылы Гнесин атындагы Музыкалык академияга тапшырып, вокалдан сабак алган.
"Шарманка", "Яблони в цвету", "Отпусти меня", "Ты далеко", "Тебе одной", "Натуральный блондин" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Николай Басков 2001-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти", 2009-жылы "Орусиянын Эл артисти" наамына ээ болгон.