1917-жылы 15-октябрда Биринчи дүйнөлүк согуштун тыңчыларынын бири, бийчи Мата Хари 41 жашында өлүм жазасына тартылган.
Мата Хари – бул Маргарет Гертруд Зелленин сахнадагы аты. Экзотикалык бийлерди чебер аткарган жана Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда атактуу тыңчы болгон Маргарет Гертруд Зелле 1876-жылы Леуварден шаарында төрөлгөн. Ал 1905-жылдан баштап чыгыш стилиндеги бийлерди бийлөө менен атагы чыккан.