Курал Чокоев жеке концертин шаңдуу ырлары менен жыйынтыктады

20:15. "Кокон гилас" ыры менен ырчы жеке концертин жыйынтыктады. "Биз сиздер менен коштошпойбуз. Болгону "Көрүшкөнчө!" деп айтабыз", - деген Курал Чокоев концертин өткөрүүдө колдоо көрсөткөндөрдү эл менен тааныштырды. Күйөрмандарына, дос-жакындарына ыраазычылыгын билдирип, ырчы концертин аяктады.

20:10. Шляпасыз Куралга окшобой каларын айткан ырчы баш кийимин кийип, "Жаным" деген ырын ырдады. Андан соң "Автобус" жана башка шаңдуу чыгармаларын аткарды.

20:00. "Студент кезде болгон акчамды топтоп жаздырган ырым бар. Ыр радиолордон жаңырып, чыгармачылыгым ошол кезде башталган. Ал ырды ырдабай койсом өзүмдү алдаган болом", - деген ырчы "Мени кечир" чыгармасын Айбек Бакытбеков менен алгач англисче, анан орусча аткарды.

19:55. Атайын Кубадан келген жигит менен ырчы испанча чыгарма аткарууда.

19:45. "Ата-эне" ырын аткарган соң залда отурган энесине ушундай даражага жеткирип, тарбиялап өстүргөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Дайыма бекем ден соолукта жүрүшүн, узак өмүр сүрүшүн айтып, гүл сунду. Андан кийин үйлөнгөн, жакында үйлөнө турган досторуна үй-бүлөлүк бакыт каалап, сүйүшкөндөргө арналган чыгармасын аткарды.

19:30. Попурри, "Мекеним" аттуу чыгармаларынан соң Курал Чокоев Абидин Темиров менен бирге "Ала-Тоо" чыгармасын аткарды. Абидин Темиров ырчыга чыгармачылык ийгилик каалап, бүгүнкү концерти менен куттуктап өттү. Андан соӊ кийинки чыгармасы ата-энесине, жалпы эле ушул залда отурган бардык ата-энелерге арналарын айткан Курал Чокоев "Ата-эне" чыгармасын ырдап жатат.

19:15. Ырчылар Добр, Кайрат Примбердиев Курал Чокоевдин концертине ийгилик каалап, ырларын тартуулашты. "Кайрат Примбердиев ырчы гана эмес, мыкты бийчи дагы. Андыктан залды дайыма шаңга бөлөйт", - деген Курал Чокоев ырчыга ыраазычылыгын билдирди.

19:05. Курал Чокоев сахнада Ильяз Андаш менен бирге "Сейдакматтын ырын" аткарды. Чыгарманы күлкү жаратуучулар коштоп, залдагы элди аралап көңүлдүү маанай тартуулашты. Андан соң рэп ырчысы Добр чыкты.

18:50. Курал Чокоев элге белгилүү бир нече чыгармаларын тартуулады. Ырчынын ар бир чыгуусун бийчилер коштоп жатышат. Ырчы концертке келген күйөрмандарына жагымдуу маанай каалап, жакшы эс алып кетүү тилегин билдирди.

18:40. Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда ырчы Курал Чокоевдин жеке концерти башталды. Алгач бийчилер өнөрүн тартуулашты. Андан соң элдин кол чабууларынын коштоосунда кеченин ээси чыгып, концертти "Менин айылым" аттуу ыры менен баштап берди.

Курал Чокоевдин концертиндеги бийи (15.10.16)
Концерт. Андаш жана Чокоев: "Ачуу айран ичебиз"
Курал Чокоевдин концертинен
Курал Чокоев концертинде эки саат бою жандуу ырдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Kakaly
2016-10-15 19:14:40
Жакшы
0
Izdeim_seni.
2016-10-15 19:58:12
ашар концерт,да???
+5
Omurbek998
2016-10-15 20:04:57
Ok live дан прямой корсотуп жаткандар барбы?
-2
Krai
2016-10-15 20:26:31
Ушу деле ырчы болуп журот
-10
Sajakat14
2016-10-16 00:13:58
Krai,ушунукундай үндөр элдин баарында бар эмес! Ушул билесиңби кайсыл конкурстарда кыргыздын желегин желбиретип 1-орунду ээлегенин?
+2
Krai
2016-10-16 11:09:05
Sajakat14,б билем ысык кол таланттарында 1- орундуу алган
Бизде качан эле реальный болчу эле
Акчан болсо сага деле эмгек синирген наамды берип коет
-2
chon.alai.
2016-10-15 22:01:09
Курал Чокоевдин уну жакшы.жакшы ырдайт.
+2
Izdeim_seni.
2016-10-16 08:05:28
сейдакматтын ырындагы тарткан клиби польшалык ырчы Марыля Родович тин бир ырынын клибине окшош. идея озубуздуку деп калп эле айта беришет биздин кыргыз ырчылар. кимимси болсо да.
+2
Alixan-Nookat.2015
2016-10-16 09:26:38
Эл оозунан түшпөй жургон деле ыры жок концерт коё берет экенда ашар болгон учун эле элдер келсе керек ашар эмес өзү гана ырдайт десе эл аз келсе керек
+4
Riokyrgyz
2016-10-17 00:16:58
Alixan-Nookat.2015,кечир сенин айткаеына кошулбайм.байкабай басып алдым
+1
simone
2016-10-16 10:16:30
Аябай таланттуу жигит
+2
briliant87
2016-10-16 11:20:57
Жакшыле болуптур концерти
-1
SoniK
2016-10-16 14:44:46
Эми буга не жок дейм да, анча таанылбагандан кийин.
-3
fanatka19
2016-10-16 15:28:28
Кызык эле калпыз да,ашар концерт болсо ю,ашар деп сынтагабыз,өзү жалгыз койсо бул байкушка эч ким келбей койгонго дейбиз))
+3
Aisuluu160790
2016-10-16 15:57:23
Мен бул концертке бардым. Мага жакканы жалан озу ырдады ашар концерт койбой. Эски ырларга жаны омур тартуулаган мыкты ырчы деп айта алам. Озгочо Таалай Бектургановдун "Ата -Эне"-деген ырын мыкты аткарды. Концерт аябай шандуу маанайда отту десем жанылышпайм достор. Курал байке онорунуз оркундой берсин...
+3
ainur78007
2016-10-17 08:18:59
Жандуу ун менен ырдаганын укканмын бул баланын,жакшы ырдайт.Таланты бар,таанышы жоктордун катарында окшойт деп ойлойм.Чыгармачылык ийгилик каалаймын!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан