Бүгүн, 15-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын алкагында Ошто "Алай" футболдук клубу бишкектик "Дордойду" кабыл алды. Беттеш 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, командалар бирден упайга ээ болушту.
Беттештеги 2 гол тең кошумча убакытта пенальтиден киргизилди. Алгач "дордойчулардан" Ислам Шамшиев 11 метрлик айып соккусун так аткарса, 3 мүнөттөн кийин "алайлыктар" пенальти тебүү менен эсепти теңешти. Бул ирет Максат Алимов айырмаланды.
Жыйынтыгында командалар башка оюндардан упай жоготпоо аракетин күчөтүшөт. Мелдеш жадыбалында 3 команданын карамагында 36 упай болду. "Алгада" атаандаштарына караганда 1 оюн көп.