1987-жылы 16-октябрда "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкей Алымбекова Токмок шаарында туулуп, ошол эле жактагы №9-мектепти аяктаган. Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылы "Каныкей" продюсердик долбоорун түзгөн. Ырчынын репертуарындагы популярдуу ырлары – "Носонтэ", "Жүрөк сыздайт", "Коё бергин мени, кайгы", "Сарала", "Кара чаң", "Адаштым", "Көпөлөк", "Садагам", "Куурчак" жана башкалар.
16-октябрдын жылнаамасы.