КВНчи Эльдияр Кененсаров, "Город-312" тобунун солисти Светлана Назаренко мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты (тизме)

Кыргыз Республикасынын бир катар жарандарына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда "Ала-Арча"мамлекеттик резиденциясында кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо аземи өттү. Сыйлык алган жарандардын тизмеси:

- президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков II даражадагы Манас ордени менен сыйланды;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Данияр Абдыкаров Эрдик медалына татыктуу болду;

- Кыргыз өлкөсүнүн жазуучуларынын “Литературный Кыргызстан” адабий-көркөм жана коомдук-саясий журналынын башкы редактору Александр Иванов Даңк медалына татыды;

- 1990-жылдардан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк борборунда айдоочу болуп эмгектенген Халдар Нарматов Даңк медалына татыды;

- “Город-312” тобунун солисти Светлана Назаренко Даңк медалы менен сыйланды;

- "Азия-Микс" КВН командасынын жетекчиси Эльдияр Кененсаров “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер” наамына ээ болду;

- ХХ кылымдын 70-жылдары кинематографиядагы “кыргыз кереметин” жаратууга өз салымын кошкон, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Артыкпай Сүйүндүков “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамын алды;

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор Кадыркул Даутов "Эл жазуучусу" ардактуу наамына ээ болду;

- Талас көмөкчү мектеп-интернатынын директору Кенжалы Орозалиевге "Кыргыз Республикасынын Ардак баракчасы" мамлекеттик сыйлыгы тапшырылды.

Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо бардык сыйлык ээлерине 10 жана 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары берилгени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nurkyz1977
2016-10-16 17:42:07
Сапар исаков эл учун эмне кылды?кандай эмгеги синди мындай адамдардын ар намысы кайда кеткен, ушундай даражадагы сыйлыка татыктуумунбу?деп оздоруно ой жугуртуу деген жокпу?уят уят уят же бийликте турганда наам алайын андан кийин мени ким эстейт деп жатканыбы?айтор тушунуу кыйын болду буларды. Кыргыз элим аман бололу.
+19
Riokyrgyz
2016-10-17 00:11:22
Nurkyz1977,КСДПчы да.тушунуп койсо болот.а так калганы бут татыктуу.
0
Ali-han
2016-10-16 17:58:24
Сапар Исаков ким ал?
+14
Abubakir05
2016-10-16 18:15:14
Атамбаев озу да тааныбайт болуш керек копчулугун.
+9
Malik92
2016-10-16 19:11:25
Abubakir05, Атамбаев аркасын ойлоп ар кимге сыйлык берипатат жакшы адам деп ойлоп калсын деп.
+4
zhykyo
2016-10-16 18:32:24
Эмгеги болсо алышсын ошон учун ар бирибиз Кыргыз элибиз учун салым кошолу
+2
Gulmeiz
2016-10-16 20:29:20
Алган сыйлыктары кут болсун!
-1
chon.alai.
2016-10-16 21:21:27
басмайыл(артайыл) тагынышыптыр да
0
rejepova
2016-10-16 21:38:53
мен тиги квн чини тааныйт экенмин, калганын телевизордон да корбогом
0
Riokyrgyz
2016-10-17 00:12:51
rejepova,телевизорду коп корсон.коруп каласын.булардын кобу телевизорго чыкпай турган шартта иштешет.а Элдияр дайыма эл жузундо.
+2
KYRGYZJERI
2016-10-16 22:12:06
Кеткиче ме сага ме сага деп берип атат,
жетпей калгандар пикетке чыгышаар бекен
Андай болсо берсин Куудулдарга,
Б. Борбиев, М.Турган сыяктуу ырчыларга
+1
Riokyrgyz
2016-10-17 00:13:56
KYRGYZJERI,Б Борбиевге макул а Тиги Мерген менен Турганга ыссссык келип кетпейби?
+1
taake1984
2016-10-16 23:06:09
Гулжигит сатыбековко берсе болот эле ктрден музыка каналынан ырларын берсе жакшы болор эле
+1
Arslan12
2016-10-17 01:44:19
Эмнеге эле сыйлыктарды тапыратып бере баштады тушунбодум, ойлоп атат окшойт берип койсом тууган уруктары менен колдойт деп будомук иштин баарын акыркы учурда болуп аткан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан