Тажикстанда "Дидор" кинофестивалына 40тан ашуун өлкөдөн катышуучулар чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган фестивалга Азербайжан, Армения, Ооганстан, Грузия, Индия, Иран, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Монголия, Орусия, АКШ, Швейцария жана Германия сыяктуу өлкөлөрдөн 40 катышуучу чакырылган.
Кинофестивалдын жүрүшүндө 80 толук метраждуу жана кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт. Алардын арасында батыш жана чыгыш маданияттарынын диалогу, фарс тилдүү өлкөлөрдүн киносу, Ооганстандын, Ирандын жана Тажикстандын жаңы тасмалары да көрсөтүлөт.
Эл аралык "Дидор" кинофестивалы 2004-жылдан бери эки жылда бир жолу өткөрүлүп келет. Быйылкы кинофестиваль тажик жана өзбек кинематографиясынын түптөөчүсү Камил Ярматовдун 110 жылдыгына арналган.