Кемин районунда "дүкөндөн акча уурдаган" деген шек менен 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 62 жаштагы Орловка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 14-октябрь күнү саат 05:00 чамасында шаардагы дүкөндөрдүн биринен белгисиз жаран соода кылып, 1,5 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 52 жаштагы К.К. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.