Мындан 99 жыл мурун опера ырчысы Сайра Кийизбаева төрөлгөн. Ал Бишкек шаарында туулган. Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында солист болуп иштөөдөн баштаган. Кийин бүт өмүрүн Кыргыз опера жана балет театрында өткөргөн. Согуш учурунда жарым жылча фронт аралап концерт берип, согуштан кийин Москва консерваториясынан музыкалык билимин өркүндөткөн.
1943-жылы Чайковскийдин "Евгений Онегин" операсында Татьянанын ролун жогорку чеберчилик менен аткарып, дасыккан аткаруучу катары таанылган. Улам кийин операларда негизги партияларды аткарып, профессионалдык жогорку чекке жеткен. Ал музыкалык комедияларда да чебер ойногон ырчы-аткаруучу катары белгилүү болгон.
Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо кафедрасынын башчысы жана профессору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Сайра Кийизбаевага ашказанындагы онкологиялык оорусуна байланыштуу операция жасалган. Операциядан кийин бир жыл өтүп, 1988-жылы 71 жаш курагында каза болгон.
17-октябрдын жылнаамасы.