Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунда катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгы 16-октябрь күнү саат 09:40 чамасында Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунун 8-чакырымында орун алган. Анда Жигули үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып жарга түшүп кеткен. Натыйжада оор жаракаттардан улам 3 адам каза болгон.

"Жол кырсыгы катталган жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокен райондук 55-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot..kg
2016-10-17 12:42:02
Урматтуу айдочулар — акырын айдагылачы!
+1
ainura220888
2016-10-17 13:23:05
Иий жаман болуптур. Мастырда тойлор кучогон убак
+1
Sirduusezim
2016-10-17 16:06:30
9.40да демек эрте менен туруп эле ичпегендир
0
simone
2016-10-17 20:32:10
Жаман болуптур. Ажал айтып келбейт экенда...
0
aizinka86
2016-10-18 12:19:20
Эч кандай мас эмей эле сопсоо адамдар экен эле жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан