Бүгүн, 17-октябрда украиналык ырчы, ди-джей, алып баруучу, "Пара нормальных" тобунун экс-солисти Иван Дорн 28 жашка толду. Ал Орусиянын Челябинск шаарында төрөлгөн. 11-классында апасынын сунушу менен Орусиянын "Жылдыздар фабрикасы-6" теледолбооруна катышып, алдынкы 20 катышуучунун катарын толуктаган. Аталган теледолбоордун акыркы турунда жеңилип калган. 2006-жылы Иван Киевдеги И.К.Карпенко-Карый атындагы Улуттук театр, кино жана телевидение университетинин кинематография факультетине тапшырат. Студент кезинде алып баруучулук жаатында өзүн сынамакка "М1" телеканалына келип, көп ийгиликке жетишет. Дал ушул жайдан кесиптеши Анна Добрыдневаны жолуктуруп, экөө "Пара нормальных" дуэтин түзүшөт. 2008-жылы 4-октябрда аталган дуэт "Бактылуу аякташын ойлоп табам" ("Я придумаю happy end") ырлар жыйнагын жарыкка чыгарат. 2010-жылы Иван Дорн аталган топтон чыгып кеткен. Топтон кетүү себебин келишимдин бүткөндүгү жана жеке өзү мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, бийиктиктерди багынта тургандыгы менен түшүндүргөн.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.