ЖЫЛНААМА, 17-ОКТЯБРЬ: Популярдуу кыргыз ырчысы Светлана Назаренко 46 жашка толду

Бүгүн, 17-октябрда "Город 312" тобунун солисти, орусиялык жана кыргыз ырчысы Светлана Назаренко (сахнадагы ысымы Ая) 46 жашка толду. Ал 1970-жылы 17-октябрда Бишкек шаарында туулуп-өскөн. 2015-жылы 21-декабрда ырчы "Бишкектин ардактуу атуулу" наамы менен сыйланган. 2016-жылдын 15-октябрында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Светлана Назаренко Даңк медалы менен сыйланган.

Светлана Назаренко туулуп-өскөн шаары Бишкекте чыгармачылыгын баштаган. Анын кыргыз тилинде "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Сыйкырчы", "Баарын түшүнөм", "Эсимде" сыяктуу ырлары бар.

Бишкектен кетип чет өлкөдө чыгармачылыгын баштаганы, сахнадагы ысымы тууралуу басылмаларга берген маегинде буларды билдирген: "Негизи, биз көп нерсеге Кыргыз өлкөсүнөн жетиштик десем болот, бирок ал жактан чоң аренага чыгуу кыйынга турарын билип, балдар менен Москвага кетүүнү туура көрдүк. Кыргызстандыктар мени Светлана Назаренко деген өз ысымым менен таанышат. Ал эми Москвага келгенимде сахнага оригиналдуу псевдоним менен чыгууну чечтим. Ошентип, Ая деген псевдонимди тандап алдым".

17-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuriza.kubatova
2016-10-17 19:56:16
Жаш корунот экен
+2
aslan_akjol89
2016-10-17 19:58:11
Туулган кунунуз менен!Патриот айым катары сизди баалайм.Узун омур,ишинизге ийгилик каалайм!!!
+1
Bekish-kg
2016-10-17 22:41:50
Бизде популярдуу эмеско бул!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан