Чүй облусундагы №8-түзөтүү абагына баңгизат ыргыткан 3 жаран кармалды

Чүй облусундагы №8-түзөтүү абагына баңгизат ыргыткан 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматында: “17-октябрга караган түнү №8-түзөтүү абагынын ичине белгисиз адамдар тарабынан 4 желим бөтөлкө ыргытылган. Анын ичинде марихуана болгону аныкталды. Ал эми баңгизат ыргыткан 3 адам качып кетүү аракетин көргөн. Бирок алар абак кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
simone
2016-10-17 20:05:16
Тузук, кобуроок кармагыла! Бразилиядагыдай кырылышып журушпосун чегип алышып.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан