6-июнда "Тумар" бийчилер тобу Словакиянын борбор калаасы Братиславада болгон "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалына өткөнүн маалымдаган элек. Эми ошондогу көрсөтүү кечээ, 17-октябрда интернетке жүктөлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган топтун мүчөсү жана жетекчиси Эрмек Кадыров билдирди.
"Сынакка жай айында барып тартылып, финалга өтүп келген элек. Ал эми кандай шоу көрсөткөнүбүздү өзүбүз да кечээ көрдүк, себеби сынакта бир нече көрсөтүүнү бир эле тартып салышат экен. Андан кийин телеканалдан көрсөтүп жатышты. Буюрса, финалга ноябрь айында барабыз", - деп билдирди Э.Кадыров.
Белгилей кетсек, аталган топто беш адам бийлейт. Алардын үчөөсүнүн саламаттык боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген.
"Тумар" бийчилер тобу ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан, майыптар арабасы менен өнөрлөрүн көргөзүп келишет. Аталган топ буга чейин Кытай, Казакстан, Германия, Түркия, Гонконгдо өлкөбүздүн желегин желбиретип келген.